Коом

Бишкекке дагы 600–650 автобус сатып алуу зарыл

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тургундар жумушка жана үйүнө коомдук транспорт менен көйгөйсүз катташы үчүн дагы канча автобус керектигин айтты.

Мэр НТРКнын эфиринде билдиргендей, учурда Бишкек шаарында 1 500дөн ашык автобус каттайт. 1-июлдан тартып автобустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынгандан кийин күн сайын жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү 2–3 миллион сомду түзүүдө.

Жунушалиевдин айтымында, учурда шаарга негизинен узундугу 8 метр болгон автобустар керек. Бишкекке бир катар калктуу конуштардын кошулушун жана борбор калаанын четиндеги айылдарга автобус каттамдарынын узартылышын эске алганда, дагы 600–650 автобус сатып алуу зарыл.

«Ошондо коомдук транспортко болгон муктаждык толук камсыздалат», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button