Коом
Бүтүндөй бир тоо таштанды чыгарылды! №52 жатак абагына таза суу киргизилди — ВИДЕО

Жатаканаларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан №52 мекеменин жетекчилиги тарабынан аймакты ири өлчөмдө тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ар кандай бульдозер, экскаватор, самосвал сыяктуу техникалар колдонулулду. Натыйжада совет доорунан бери бул жерде топтолгон 450 кубга жакын таштандыны чыгарып, жыйынтыгында 20 машина менен алып чыгууга туура келди.
Андан кийин казылган траншеяларга трубалар төшөлүп, акыры алар аркылуу көптөн күткөн таза суу өтө баштады, — деп билдирди ЖАКтын басма сөз кызматынан.



