Коом
Соттолгон жаранга 2000 сом катып берүүгө аракет кылган адам кармалды. ФОТО

2021-жылдын 28-октябрында ЖАМКнын Чуй областындашы Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан № 27-түзөтүү мекемесине акча каражатын киргизүү фактысы катталды.
Тагыраагы аталган түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан соттолгон жаранга 2000 сом акча каражатын шымынын куруна тигип киргизүүгө аракетин көргөн адам кармалган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, ЖАМКнын алгачкы текшерүү бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши баштады.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жарандарга мындай кылмыштар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланаарын эскертет. Ошондой эле ЖАМК тааныш эмес же чала тааныган адамдардан соттолгондорго берип коюу үчүн эч кандай буюм-тайым албоосун сунуштайт.





