Шайлоодо үгүт иштеринин эрежеси бузулса кайда кайрылуу керек? Номерлер
Ленин районуна ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке шайлоодо үгүт жүргүзүү эрежелери бузулса кайрыла турган байланыш номерлерин жарыялады.
Үгүт иштери 8-майда башталып, 27-майга чейин уланат. Ал эми 28-майда шайлоонун өзү өтөт. Анда 32 талапкер ат салышмай болду.
Эреже бузулган учурда 0 (990) 04-12-55; 0 (707) 01-12-55 WhatsApp-номерлерине билдирүү калтырууга, 1255, 0 (312) 62-63-24, 0 (312) 66-02-40 номерлерине чалууга жана к[email protected] же [email protected] электрондук даректерине кат жазууга болот.
Ошондой эле БШКнын расмий сайтында үгүт иштеринин жүрүшүндө кандай эрежелер сакталышы керектиги, кимдин үгүт жүргүзүүгө укугу жок экени тууралуу маалымат жарыяланган.



