Окуялар
Жалал-Абадда Нарын дарыясынан 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Жалал-Абадда Нарын дарыясынан мурда изделип жаткан 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
8-ноябрь күнү саат 17:41де Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында Нарын дарыясына 14 жаштагы Б.Д. аттуу кыздын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, 9-ноябрь күнү улантылган. Ага 15 куткаруучу, 15 милиционер, 38 жергиликтүү тургун тартылган. Жалпысынан 69 адам Нарын дарыясынын Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыгында издөө иштерин жүргүзгөн.
Саат 10:45те кыздын сөөгү Сары-Булуң айыл аймагы аркылуу өткөн Нарын дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.



