Коом

Кыргызстанга Кытайдан күйүүчү-майлоочу майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) алгачкы партиясы жетти. Жүк ташыган унаалардын видеосу социалдык тармактарда тарады.

Эске салсак, буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдан Кыргызстанга КММ жеткирүү башталганын билдирген.

Ошондой эле ал Беларусь менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн айткан. Министрдин маалыматына ылайык, күйүүчү майды Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси чечилип, Беларусьтан жөнөтүлгөн бир нече вагон күйүүчү май Кыргызстанга келип жеткен.

Мындан тышкары, Казакстан менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстанга ай сайын 15 миңден 20 миң тоннага чейин мазут жеткирилет. Бул мазут өлкөдөгү мунай иштетүүчү заводдордо терең кайра иштетилип, андан АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана К4, К5 экологиялык стандарттарына жооп берген дизелдик күйүүчү май өндүрүлөт.

Ошондой эле Өзбекстандан да күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button