Коом

Сокулукта 15 жаштагы курбулар Зыйнат жана Айсезим изделүүдө

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан дайынсыз жоголгон 15 жаштагы курбулар Иманказы кызы Зыйнат жана Замирбек кызы Айсезим изделүүдө.

Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, алар үстүбүздөгү жылы 14-ноябрда саат 13:00дө Военно-Антоновка айылында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келишкен эмес.

Иманкул кызы Зыйнат

Белгилери: бою болжол менен 155 см, көздөрү күрөң, чачы кара, уун, арык чырай, бети сүйрү, кара тору.

Өзгөчө белгилери: оң колунун сөөмөйүндө тырыгы бар.

Кийими: үстүндө кара-жашыл үстөгү кышкы куртка , ак джынсы шым, кара кроссовка.

Замирбек кызы Айсезим

Белгилери: бою болжол менен 150 см, көзү күрөң, чачы кара, узун, орто дене түзүлүштө, бети сүйрү, ак жуумал.

Замирбек кызы Айсезим

Өзгөчө белгиси: мурдунун оң жагында кичинекей меңи бар.

Сезонго жараша кийинген.

«Бул курбуларды көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу Сокулук райондук ИИБге кабарлап коюуңуздар суранабыз: 0(312) 60-75-67, 0(700) 63-63-00, 0(701) 80-18-03», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button