Окуялар
Шашылыш билдирүү! Жаан жаап, кар көчкү түшөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, кар көчкү түшүү кооптуулугун эскертти. Ага ылайык, 10-15-март күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Төмөнкү жолдордо кооптуулук бар: Бишкек — Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда;Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында;Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;Казарман — Актал-Чат жолунун Ийри-Суу тилкеси, Кара-Көө ашуусунда;Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында.



