Дүйнө

Кыргыз куурдагы эл аралык рейтингде алдыңкы 50нүн ичине кошулду

Кыргыз улуттук тамагы-куурдак эл аралык рейтингде 50 эң даамдуу тамактын катарына кирди.

Taste Atlas гастрономиялык гиди тарабынан жүргүзүлгөн тизменин башында баш-шыйрактан жасалган ирандык каллех паче, экинчи орунда уйдун жүрөгүнөн жасалган перулук шишкебек, үчүнчү орунда түрк ашканасынан ичегиден жасалган кокореч көргөзүлгөн.

Taste Atlas — салттуу ашкана боюнча эл аралык онлайн гид 2018-жылы түзүлгөн. Ал гастрономиялык эксперттердин чечимине жана сурамжылоолорго таянып жыйынтык чыгарат.

Тектеш кабарлар

Back to top button