Саясат

Садыр Жапаров Дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан балбандарды куттуктады

Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев жана Алибек Осмоналиевди Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

Президент соцтармактагы баракчасы аркылуу куттуктоо сөзүн жазды. “Айсулуу, күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм. Буга улай эле азаматтарыбыз Эрназар Акматалиевдин дүйнө чемпионатында күмүш жана Алибек Осмоновду коло байге алышы менен да куттуктайм! Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы”, — жеп жазат өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов коло медаль багындырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button