Коом

Ташиев: Өмүрбек Текебаевге эч ким кол салган эмес

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон эмес. Ал бирөө менен уруша кетип, каршылашы чаап жиберген. Бул тууралуу журналист Жоодар Бузумовдун суроосуна жооп берип жатып УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, ИИМ учурда ишти иликтеп жатат.

«Ага эч ким кол салган эмес. Бирөө менен уруша кетип, каршылашы чаап жиберген. Атайылап кол салуу үчүн бирөөлөр келген эмес. ИИМ шектүүлөрдүн бирин кармады», — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 1-декабрь күнү борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров ишти тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген. ИИМ аталган факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренесине («Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо») ылайык кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 23 жаштагы жаранды кармаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button