Коом

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоокерлердин көрүстөнүнө барган туугандарынын чыгымы төлөнөт

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсүнө коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби аныкталды. Тиешелүү жобо министрлер кабинетинин 1-июлдагы токтому менен кабыл алынды.

Документтеги негизи учурлар:

жобо «аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту» толтурулган жарандардын социалдык корголбогон категорияларына жайылтылат;

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчылары коюлган жерлер жөнүндө маалымат Коргоо министрлиги тарабынан арыз берүү принциби боюнча берилет;

аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүч Коргоо министрлиги аныктаган форма боюнча толтурулат;

Коргоо министрлигине аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү, кыргыз жарандарын аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кабыл алуу, кароо боюнча ишти уюштуруу тапшырылды;

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына чыгымдардын ордун толтуруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлөт.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button