Саясат

Шайлоонун шайтан оюндары. Атазов “күрөшкө” тойбой жатабы?

Жакында парламенттик шайлоо өтүп, утулган партиялар  эртеси эле бир топ ызы чуу чыгарып, акыры тынчтанып, жеңилүү ызасын тартып отуруп калышты. Бирок шайлоонун шайтан оюндары дале болсо токтобой, утулгандар коомчулукка ар кандай жагымсыз пикирлерди таратып, утулгандарын моюндагысы келбей жаткандар бар.


Учурда Жогорку Кеӊеште депутат болуп, парламенттин жетинчи чакырылышына №8 Төлөйкөн шайлоо округунан талапкерлигин коюп утулуп калган Шайлообек Атазов «Жыгылган күрөшкө  тойбойт» дегендей, атаандашы Нурбек Алимбековго утулуп калса да,  кайра-кайра аны каралап, Боршайкомго даттанганын койбоду.

!Эми Шайлообек мырза шайлоодо утулганын мойнуна алгысы келбей мамлекет башчысы  Садыр Жапаровдун атын жамынып, элге  ар кандай маалыматтарды таратып: «Мен президент менен сүйлөшүп койдум. Мени Арзыбек Бурханов менен Искендер Гаипкуловдор да   колдоп жатат» деген сөздөрдү айтып, президенттин атына  көө сүйкөгүсү бар,”- дейт Төлөйкан айылынын тургундары.

Ал эми президент Садыр Жапаров шайлоо алдында эле парламенттик шайлоо таза өтөөрүн убадалап,  өзү тургай,  мамлекеттик кызматкерлер да шайлоонун шайтан оюнарына аралашпашын эскерткенин эске алсак, анда  Атазовдун айткан калптарына ким ишенет дейт жергиликтүү эл.

Андыктан утулган талапкерлер,  жеӊишке жетпей калганыӊарды  эске алып, президенттин атын жамынганыӊарды  токтотсоӊор.

Шайлоонун эртеси эле  бир топ партиялар нааразычылык акцияга чыгып, БШКнын чыгарган маалыматына ишенбей, асты УКМКга сурак берип, арты компьютерди  текшерип, кол менен санагандан кийинки жыйынтыкка макул болуп отуруп калышты.

Ал эми ушул Атазов сыяктуулар дале болсо  утулганына ишене албай, эл арасында ар кандай кептерди таратып жүргөнү элдин да кыжырын келтире баштаган экен.

Азыркы тапта элге тынчтык керек,  президенттин атын жамынып, кандай гана сөздөрдү сүйлөбөсүн эл өзүнүн тандоосун жасады. Эми утулуу ызасын да татыктуу көтөрүү керек. Шайлоо бул күрөш, бири утулат, бири утат. Андыктан жеке керт  башын эмес, мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн ойлоп, ар кандай  чагымчылдардан алыс болсок деген гана максат.

Ошончолук мамлекетке күйүп, кызмат кылгысы келсе, депутат болбой эле чын ниетинен жакшы иштерди аткарса болот. Ал эми депутаттык кресло атасынан калган мурас эмес, бири кетет, бири келет.

Шайлообек Атазов элдин да тандоосун сыйлашы керек!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button