«Нефтчи» үчүнчү жолу Кыргызстандын Кубогун жеңип алды

24-октябрда Кыргызстандын Кубогунун финалында Кочкор-Атанын «Нефтчи» клубу Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» командасын 3:1 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште жеңүүчүлөрдүн курамында Азизбек Кошибхонов (37-мүнөт), Собит Синдаров (43-мүнөт) жана Андрей Кобец (58-мүнөт) гол киргизишти. «Мурас Юнайтед» командасынын жалгыз голун Алимардон Шукуров 86-мүнөттө жаратты.
Беттештин мыкты оюнчусу деп «Нефтчинин» футболчусу Азизбек Кошибхонов табылды.
Ушуну менен «Нефтчи» Кыргызстандын Кубогун үчүнчү жолу жеңип алды. Буга чейин команда 2019 жана 2021-жылдары да бул байгеге ээ болгон.
Оюндун соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Кыргыз футбол биримдиги Кубоктун жеңүүчүсүнө 70 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сертификат тапшырды.



