Саясат

Жапаров Байденге куюндун кесепетинен улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

“Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button