Коом

Аскат Алагозов Япониядан келген студент, комузчу Айя менен жолугушту

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Япониядан келген, улуттук маданиятка болгон сүйүүсү менен социалдык тармактарда кыргызстандыктардын жүрөгүн багындырган студент Айя менен жолугушту.

Айя Кыргызстанга 2025-жылы келген. Бул убакыт аралыгында ал тилди гана үйрөнбөстөн, комуз чертүүнү да мыкты өздөштүргөн. Анын улуттук кийимчен тартылган видеолору социалдык тармактарда кеңири тарап, колдонуучулардын чын жүрөктөн суктануусун жараткан.

«Мен сиз тууралуу улуттук телеканалдан көрсөтүлгөн сюжетти көрдүм. Сиз бул жакта жөн гана окубастан, биздин маданиятыбызды үйрөнүп, аны Японияда да тааныштырып жатасыз. Муну мен гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли жылуу кабыл алды. Сиздин ишмердүүлүгүңүз — өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун чыңдалышынын мыкты үлгүсү», — деп белгиледи Аскат Алагозов.

Айя өзү Кыргыз улуттук университетинде окуй турганын жана Кыргыз-Жапон борборунда иштей турганын айтып берди. Ал комуз сабактарын дал ошол борбордон ала баштаган. Айя кыргыз тилиндеги эң жакшы көргөн сөзү «кооз» экенин белгиледи. Ал буга чейин Ысык-Көлдү, Соң-Көлдү кыдырып, айрыкча Арашан айылынын кооз жаратылышын өзгөчө жактырган.

Жолугушуунун соңунда Аскат Алагозов конокко Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» китебин белек кылды. Айя мындан ары да мекендештерине Кыргызстанды тааныштырып турууга убада берди.

Белгилей кетсек, жапон студенттери жана ыктыярчылары кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө көп ээ болушат. Алардын салт-санаага аяр мамилеси, тилди билүүгө болгон аракети жана чынчылдыгы жергиликтүү тургундардын жүрөгүнөн дайыма жылуу орун табат.

Тектеш кабарлар

Back to top button