Спорт
Олимпиада-2024: Балбан Айаал Лазарев алгачкы беттешинде жеңилилип калды

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты.
Айаал Лазарев бүгүн турнирде 1/8 финалда 125 кг чейинки салмак ченинде алгачкы беттештерин баштады. Анда ирандык Амир Хоссейн Заре менен күрөшүп, 0:5 эсебинде утулуп калды.
Иран балбаны финалга чыкса, Лазарев эртең турнирде коло медаль үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу таймашта күрөшөт.



