Коом

Министр:Үйдү күрөөканаларга коюуга тыюу салынат

Бул туурасында экономика министри Данияр Амангелдиев эскертти. 

Анын айтымында, турак жайды күрөөгө коюуну сураган болсо, мыйзамсыз иштеп жатканын белгиси. Эгер жаңы мыйзам кабыл алынса үйүн бербей туруп сотко кайрылып, алган суммасынын 30%ын гана төлөп кутула алат. 

Кыргызстандыктар күрөөгө эмнени коюшат: 

▫️алтын буюмдары 74%

▫️телефондор 10% 

▫️тиричилик техникалары 7%

▫️транспорт 5%. 

Министрдин сөзүнөн кийин депутат Нуржигит Кадырбеков  күрөөканалар жарандардын үйүн тартып алган болсо, укук коргоо органдарына арыз жазууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button