Коом

Темирлан Султанбековдун калпы чыкты. Шайлоо боюнча талапкердин пикири — ВИДЕО

Жакында, 18-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялайт. Бул жолку шайлоо өлкө тарыхында алгачкы ирет чыныгы атаандаштыкта адилеттүү жана калыс өттү дегендер арбын.

Ошол эле учурда шайлоого катышып, бирок жеткиликтүү добуш алалбай калган айрым саясий күчтөр шайлоо процесси ойдогудай болгон жок,- деген ойлорун коомчулукка билдирүүдө.

Ал эми “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Букуев Медетбектин баамында, айрым кемчиликтерди эске албаганда бул жолку шайлоо мамлекеттин эгемендүүлүк тарыхында алгачкы жолу ачык, айкын жана элдин чыныгы суроо-талабына жооп бере тургандай өңүттө өткөн.

Эскерте кетсек, КСДП партиясын жетектеген Темирлан Султанбеков  президент тууралуу ар кандай жалган маалыматтарды таратып жатканы тууралуу да Медетбек Букуев  пикирин билдирип, анын сөздөрү далилсиз экенин баса белгиледи.

Видеону толугу менен ушул жерден көрүңүздөр:

Булак: Бишкек24

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button