Окуялар
Бишкекте унаа жолдо өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен

Бүгүн, 21-декабрда, саат 09:30дар чамасында Бишкектин Алтын-Ордо конушунун Анкара көчөсүндө унаа кызды сүзүп кеткен.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жөө өтмөктөн өтүп бараткан 18 жаштагы кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Daihatsu үлгүсүндөгү унаа айып аянтчасына киргизилген. Териштирүү иштери жүрүүдө.



