Коом

Кыргызстан менен Россиянын товар айлантуусу 1,662 миллиард долларга жетти

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануунун суммасы үстүбүздөгү жылдын 10 айында 1,925 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 38,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу брифинг учурунда Россиянын Кыргызстандагы өкүлү Валерий Латыпов билдирди.

«Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү позициясын кармап, Кытай менен Казакстанды артта калтырууда. Россияга кыргыз товарларын импорттоонун көлөмү 10 ай ичинде 0,263 миллиард доллар болсо, Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлардыкы 1,662 миллиард долларга жетти», — деди Латыпов.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын соода өкүлчүлүктөрүнүн жардамы менен жалпы суммасы 59,3 миллион долларлык 19 келишим түзүлгөн.

«Биз Россияда өндүрүлгөн товарларды Кыргызстанда чогултуу жагын колдойбуз. Мисалы, азыр бульдозер чыгарган ЧЕТРА компаниясынын филиалын ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле газ менен иштеген автобустарды НЕФАЗ компаниясы менен («КамАЗ» компаниясынын тобуна кирген ишкана) сүйлөшүүлөр болуп жатат», — деди Латыпов.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылга Бишкекте россиялык ишкерлердин катышуусу менен ар кандай иш-чаралар пландалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button