Коом

Акыйкатчы Институтунда эрте никени алдын алуу маселелери талкууланды

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту “Эрте никенин тобокелдиктери жана алдын алуу жолдору” аталышындагы терегек стөл өткөрдү.

Иш-чарага КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Айчүрөк Назаралиева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын эксперти Эльнура Тентиева, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Агартуу министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова, ошондой эле Equality Now жана Oasis эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Акыйкатчы Институтунун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Equality Now, Oasis уюмдары менен биргеликте жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыктары боюнча тааныштырылды.

Талкуу учурунда эрте никенин алдын алуу боюнча иштер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканы айтылды. Мисалы, мамлекеттик органдар өспүрүмдүн турмушка чыккандыгы боюнча көбүнчө кыздар кош бойлуу болуп, мектепке барбай калганда, зомбулукка же башка оор турмуштук кырдаалдарга кабылганда гана кабардар болуп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, аймактарда өспүрүмдөр арасындагы төрөттүн саны өсүп жатканы айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү өспүрүм курактагы кош бойлуулук кыздардын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурарын белгиледи.

Ал эми Агартуу министрлигинин өкүлү өспүрүмдөр үчүн “Е-Күндөлүк” тиркемесине «Коркпо! Билдир!» аттуу анонимдүү Telegram чат-боту киргизилгенин маалымдады. Анын айтымында, балдар коркунучка же зомбулукка кабылган учурда аталган чат-ботко кайрылса, маалымат Агартуу министрлигине жана Ички иштер министрлигине бир убакта жөнөтүлөт.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен бир топ сунуштар айтылып, алардын аткарылышын андан ары да көзөмөлдө зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институтунун эрте нике боюнча иликтөөсү үч этапта өлкөнүн 7 облусунда өткөрүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштамалар жөнөтүлдү. Анда, нике курагын төмөндөтүү боюнча арыздарды дыкат кароо, тиешелүү мамлекеттик органдар ортосунда өз ара маалымат алмашууну жолго коюу сунушталды.
Ошондой эле кыздардын окуусун улантуусун жана ден соолугун коргоону көзөмөлгө алуу, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Back to top button