Окуялар

Бишкекте Жаштар аллеясынан 273 метр кабель уурдоого шектелип бир жаран кармалды

​Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы Жаштар аллеясындагы фонтандын аймагынан 273 метр кабель уурдоого шектелген жаран кармалганын билдирди.

​Милициянын маалыматына караганда, «С.А.» аттуу жаран аталган аймактан жалпы узундугу 273 метр болгон кабелдер жоголгону боюнча арыз менен кайрылган. Бул фактыга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.

​Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган «Л.П.» аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Келтирилген материалдык зыян 60 миң сомду түзгөн. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button