Коом

КР ИУА “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес – ачык диалог” аталышындагы II форумду өткөрүүдө

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Башкы прокуратурасы жана Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Ынтымак-Ордо” мамлекеттик комплексинде “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес – ачык диалог” аталышындагы II форумду өткөрүүдө.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышууда.

Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 21-октябрында өткөн республикалык кеңешмеде берген тапшырмаларын ишке ашырууга багытталган. Анын негизги максаты – мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди бекемдөө, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жаралган системалуу көйгөйлөрдү талкуулоо жана инвесторлорго тоскоолдук жараткан жагдайларды жоюу.


Ошондой эле мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн жыл сайын кеминде 20 пайызга көбөйтүү милдети коюлган.

Форумга мамлекеттик органдардын, сот жана укук коргоо органдарынын, бизнес-ассоциациялардын, өнүктүрүү фонддорунун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордон турган 250гө чейин катышуучу чогулууда.


Ачык диалогдун жүрүшүндө ишкерлер инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кездешкен көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүү боюнча сунуштарын ортого салышат.

Форумдун алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу каралган. Мындан тышкары, Инвесторлор кеңешин түзүү, бизнес өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү, инвестициялык долбоорлорду коштоо механизмдерин өркүндөтүү жана “Инвестициялар” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кызматташууну санариптештирүү маселелери талкууланат.

Маалыматка ылайык, 2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда жалпы суммасы 12,4 млрд АКШ долларын түзгөн 91 инвестициялык макулдашууга кол коюлган. Анын ичинен 2026-жылы жалпы суммасы 3,6 млрд АКШ долларын түзгөн 33 макулдашуу түзүлгөн.


Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында жалпы суммасы 31,4 млрд сомдон ашкан 19 макулдашууга кол коюлган.

Форум Кыргызстандын инвестицияларды коргоого, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана бизнес менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө негизделген жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button