Маданият

Окуучулар арасында Манас айтуу боюнча сынак өтөт

Эртең, 25-декабрда, «Манас» эпосун даңазалоо максатында окуучулар арасында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын финалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.

Анын айтымында, конкурстун тандоо туру аймактарда 19-декабрда болгон. Бул ирет сынак балдар жана кыздардын арасында өз-өзүнчө өтмөкчү.

«1-6-класстын окуучулары «Сейтек» билим берүү мектебинде, ал эми 7-11-класстар «Айчүрөк» кыздар лицейинде таймашат. Иш-чарага Назаркул Сейдарахманов, Дөөлөт Сыдыков баштаган белгилүү манасчылар калыстык кылат. Сынактын байге фонду — 150 миң сом», — деди Талантбеков.

Конкурска 44 райондон тандалган 200 мектеп окуучусу катыша турган болду. Тандоо туру 19-декабрда өткөн.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор, мамлекеттик «Манас» театры, манасчылар уюму жана «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button