Окуялар
Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткен 33 жаштагы аял кармалды.ФОТО

Кызыл-Кыя ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде 2021-жылдын 4-август күнү Кызыл-Кыя шаарындагы өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштургандыгы үчүн Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургунун аныктап кармады. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул аялдын турак үйүн текшерген учурда Ош, Кызыл-Кыя шаарынын 5 тургуну сойкулук менен алектенгендиги аныкталып кармалды.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Кызыл-Кыя шаарынын 33жаштагы тургуну убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.






