Эксперт Мендкович Кыргызстанда баш аламандык болушун каалап жатабы?

Кечээ жакында Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чогулган саммит болуп өттү. Саммитке Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий келиши тууралуу Евразия аналитикалык клубунун жетекчиси, эл аралык саясат таануучу Никита Мендкович жеке пикирин жазды. Анда Путиндин сапары, анын натыйжалуулугу жана Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу жазып, “Камчыбек Ташиев Кыргызстандын кийинки президенти болот “деген божомолун өзүнүн телеграмм каналына саймедирептир.
Эксперт Мендкович “мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү менен Садыр Жапаров саясий күчүн жоготуп жатат” деп жазган. Анын телеграмм баракчасына жазган “жөө жомок, божомолун” жергиликтүү “24 KG” маалымат агенттиги жарыялап, коомчулукта ар кандай талкуулар жаралууда.
Кыргызстандагы “кылдан кыйкым, жумуркадан кыр издеген” айрым тараптарга Мендковичтин суу кечпеген пикири “майдай” жагып калды. Батышчыл Мендкович биздин ички саясатты билбегенин “жөө жомок” пикиринен байкасак болот. Садыр Жапаров бийликке келгенде эле “криминалдар менен аёосуз күрөш болот, алар жок болот, мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз” деп айтканын коомчулук билет. Президенттин саясатын колдоо менен бирге өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан Камчыбек Ташиевдин криминал менен болгон күрөшүн, алардын мыйзам талаасына кирип жатканын коомчулук колдоп, кубаттап жатат.
Ошентсе да, душманды алыстап издебе дегендей, азыркы тапта президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин ортосунда кара мышык аралатып, уруштургусу келген топтордун сап башында өзүбүздөн чыккан оппозиция да бар.
Ал эми эксперт Мендкович Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алым катышты, биргелешкен долбоорлорду айтып жатып эле биздин ички саясатка кийлигишип кеткени кызык болду.
Балким, Жапаров менен Ташиевдин урушуп, өлкөдө баш аламандык болуусун каалап жатабы?
Азыр тышкы күчтөр Жапаров менен Ташиевди чабыштыруу максатын гана көздөп жатышат. Анткени, экөөнү уруштуруу жолу менен гана бул бийликти алсыз кыла алабыз деп ойлошот. Кыргызстан элинин дээрлик көпчүлүгү криминалдарга, коррупцияга болгон катуу күрөштү колдоп жатышат.
Сырткы күчтөр албетте, Кыргызстандын бутуна туруп, өнүгүп кетишине кызыктар эмес. Алар биздин мамлекет катары жок болуп кетишибизди, эч болбоду дегенде бийликке алардын сөзүнөн чыга албаган, жетеленме кишинин келгени ыңгайлуу.
“Садыр Жапаров бийлигин тез арада өткөрүп кетүүгө мажбур болот” деп көзү ачыктык кылып жазган саясий эксперт Никита Мендковичдин мындай пикири суу кечпейт жана Кыргызстанда дагы баш аламандык болуусун каалап жатат деп сыпаттасак болчудай. Башка пикир айтылышы да мүмкүн эмес…
Жолдошбек Эргешов, Бишкек шаарынын тургуну



