Коом

Кочкор районунда мектептер менен бала бакчалар онлайн-режимге өттү

Кочкор районунда мектептер менен бала бакчалар ОРВИ жана сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу онлайн-режимге өттү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, мындай чечим учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга карата кабыл алынды. Белгиленгендей, 14 мектеп жана 32 бала бакча бир жума аралыгында дистанттык форматта иштейт. Максат — инфекциянын жайылышын токтотуу жана окуучулар менен тарбиялануучулардын саламаттыгын коргоо.

Өлкө боюнча да абал туруксуз бойдон калууда. Билим берүү министрлигинин 7-декабрга карата берген маалыматына ылайык, 207 мектеп онлайн-окутууга өткөн, дагы 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылган.

Адистер эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин алдын алуу чаралары күчөтүлөрүн белгилешүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button