Окуялар
Чүйдө кудукка кулаган жумушучулардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Чүй облусундагы Шопоков шаарында кудукка түшүп кеткен адамдар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү Шопоков шаарында жайгашкан райондук оорукананын жанындагы канализациялык кудукта турак-жай-коммуналдык чарба ишканасынын жумушчулары 48 жаштагы М.С. жана 55 жаштагы Ж.Ж. жарандар тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда ичине түшүп кетишкен.
«Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды кудуктан чыгарышкан. 48 жаштагы жаран «Тез жардам» унаасы менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, экинчи жаран ооруканага баруудан баш тартты», — дешет мекемеден.


