Чүчкүргөндө жүз адамга жугушу мүмкүн. Дарыгер «омикрондун» өзгөчөлүгүн атады

Коронавирустун «омикрон» штаммы менен ооруп жаткан киши бир жолу чүчкүргөндө 100 адамга жугузушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги аллерголог-иммунолог Владимир Болибокко таянып жазды.
«Буга чейин мындай жугуштуу вирусту көрө элек болчубуз. Мурда кызамык өтө жумуштуу оору болуп саналса, коронавирустун «омикрон» штаммы андан өтүп кетти. Өкүнүчтүүсү — бул штамм сүйлөшүп турганда же оорулуу адам улутунуп, эстеп койсо эле бир топ жерге жайылып кетүүгө жөндөмдүү экен. Ал эми чүчкүрсө тегеректе турган 100дөй кишиге вирус жукту дей бергиле», — деди Болибок.
Ошондой эле дарыгер бул вирус балдар үчүн өтө кооптуу экенин кошумчалады.
Эске салсак, өткөн жылдын соңку айларынан бери дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө тарап жаткан «омикрон» штаммы 12-январда Кыргызстанда да катталды. Аны менен катар Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө.



