Казакстанда ЖККУнун аскерлери чыгарыла баштады

Казакстандын Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлери өлкөдөн чыгарыла баштады. Бул тууралоуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась, Казакстандын Коргоо министринин орун басары, генерал-майор Мухамеджан Таласов, Алматы шаарынын аким Бакытжан Сагинтаев ЖККУ аскерлерин узатуу аземине катышууда.
ЖККУдан Казакстанга жалпы 2030 жоокержөнөтүлгөн. Алар эки шаарда — Алматыда жана Нур-Султанда жайгаштырылган.
7-январда кыргыз аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп кетишкен. Анда Кант шаарынан Казакстанга 150 аскер жана 19 техника жөнөтүлгөн.
Жогорку Кеңеш Кыргыз өлкөсүнүн бейпилдик күчтөрүн ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүүнү жактырып, андан соң президент аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча жарлыкка кол койгон.



