Дүйнө

ТИМ: Суданда атып түшүрүлгөн жүк ташуучу учакта каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок

Министрлик учактын ичинде табылган документ (таркетка) «Манас» аэропортунун эмес, Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкерине таандык болгонун белгиледи. 

Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, EX-76011 каттоо номери бар Ил-76ТД учагы жарандык аба кемелеринин реестринен 2024-жылдын 12-январында чыгарылып, Судандын каттоосуна өткөрүлгөн.

Буга чейин «Манас» аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн учак египеттик New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясына таандык экенин жана Кыргызстанга азыр эч кандай тиешеси жоктугун кабарлаган. 

Ал арада Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги дипломатиялык каналдар аркылуу окуя боюнча ыкчам маалымат сураганы белгилүү болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button