Коом

Кыргызстанда микрокредиттин “кайырмагына” илингендер көбөйдү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2023-жылы каржы уюмдары элге 50,8 миллиард сомдук микрокредит беришкен.

2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу өлкөдө берилген микрокредиттер 29,5 пайызга өскөн же 11,6 миллиард сомго көп берилген. Ал эми кредит алгандардын саны 10,1 пайызга гана көбөйгөн.

Кыргызстан боюнча 739,6 миң адам микрокредит алышкан. Алардын көбү бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөттө 22,5 миллиард сом алышкан, бул кредитке берилген жалпы сумманын 44,4 пайызы. А 6 айдан 12 айга чейин мөөнөттө жалпы 19,6 миллиард сом берилген.

Акыркы беш жылда микрокредиттерди негизинен аялдар алышкан.

Ошондой эле микрокредит алуу боюнча облустарды алганда, алдыда Ысык-Көл облусунун тургундары турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button