Саясат

Кумтөрдөн 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү күтүлүүдө

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы биринчи отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылга жана Убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги иши жөнүндө отчетун берди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, отчеттук мезгилде жакшы натыйжаларга жетишилди. Ошентип, 2021-жылдын он эки айында Кумтөрдө 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которсо, план 9 млрд сом болгон. ошентип чегеруунун планы 150 процентке ашыгы менен аткарылды.

2021-жылга алтынды сатуудан жалпы киреше 856 миллион долларды түздү, анын 621 миллион доллары убактылуу тышкы башкаруу мезгилине туура келет.

Алтындын бир унциясына накталай акчанын жалпы наркы планга салыштырмалуу 220 долларга же 16%дан ашык кыскарды.

 «Учурда компаниянын мурдагы жетекчилигине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун экономикалык эффективдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн баалоо үчүн ушул негизги көрсөткүч, өндүрүлгөн алтындын унцийинин өздүк наркынын төмөндөөсү гана пайдаланылышы мүмкүн», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

 Баяндамасынын аягында Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылдын пландары тууралуу маалымат берди.

 Анын айтымында, жакынкы келечекте туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу жогорку сорбциялык активдүүлүгү бар рудаларды кайра иштетүү технологиясын өркүндөтүүгө, алтындын алынышын жогорулатууга, кенди жана калдыктарды көмүүчү жайларды жер астынан казууну баштоого мүмкүндүк берет.

 «Кумтөр Голд Компанинин» 2022-жылга карата өнүктүрүү планына ылайык, 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү күтүлүүдө.

 «Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана Centerra gold Inc. тарабынан коюлган тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр алтын» компаниясынын эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алышты. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук төлөнүп жатат», — деп ишендирди Тенгиз Бөлтүрүк.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

 «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-р буйругу менен киргизилген.

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-майындагы № 25 буйругу менен болтурук теңгиз Аяпберген уулу ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалды. Учурда Кумтөр кенин толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button