Сасык тумоо жана ОРВИ күчөсө, ооруканаларда кошумча керебеттер ачылат

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйсө, ооруканаларда кошумча керебеттер ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, оорулардын күчөшү ноябрдын аягында күтүлүүдө. Божомол боюнча, Бишкекте 16 миңден ашык, Ош облусунда 6,9 миң жана Чүй облусунда 6,2 миң адам оорушу мүмкүн.
Ооруканага түшкөн жүктү азайтуу максатында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда колл-борборлор ачылып, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулат. Мындан тышкары, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын колдонмо даярдалып, окутуулар өткөрүлүүдө.
Зарылчылык жаралса, өлкө боюнча бир суткалык кыска мөөнөттүү жатууга ылайыкталган 749 палата ишке тартылат.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында сасык тумоо жана ОРВИ менен ооругандар үчүн 300 орун каралган. Эгер палаталардын 80–90 пайызы толсо, Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда 51, ал эми Шашылыш медициналык жардам көрсөтүүчү шаардык балдар ооруканасында 75 кошумча орун ачылат. Ошондой эле Чүй облусундагы ооруканалар да ишке тартылат.
Учурда өлкөнүн чек араларында 14 санитардык-карантиндик пункт иштеп жатат. Алар зарыл жабдуулар менен камсыздалып, иш-аракеттердин алгоритмдери иштелип чыккан.
Дарыгерлер оорулардын күчөгөн мезгилинде эл көп чогулган жерлерге барбоого, колду тез-тез жууп турууга, ооруп калганда башкаларга жугузбоо үчүн коомдук жайларга чыкпоого жана өз алдынча дарыланбоого чакырышат.



