Окуялар

Бишкекте 11 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинен 11 жаштагы мектеп окуучусун белгисиз айдоочу сүзүп, андан ары из жашырган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-январда саат 19:30 чамасында болгон.

«Азыркы учурда айдоочу изделип жатат. Кызматкерлер түнү менен бардык камералады карап чыгышты. Ал эми окуучу учурда балдар ооруканасында дарыланууда», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button