Джунхайда чыккан өрттөн 25 контейнер зыян тартып, иш козголду

Дордой конушунда чыккан өрт боюнча иш козголду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Кечээ Дордой-6 жана Ибраимов көчөлөрүндө жайгашкан соода контейнеринен өрт чыгып, ал түнкү саат бирден өткөндө өчүрүлгөн эле.
«Болжол менен 25 контейнер жана 1000 чарчы метр күйдү деген маалыматтар бар. Алдын ала маалымат боюнча, бул жеке аймак болуп эсептелет. Бул жерде жеке тараптын үйү болгон. Эки үйдү кошуп кампа кылып жасаган экен», — деди Свердлов районунун ИИБинин башчысы Тилек Түкөбаев.
Тартип сакчы, алдын ала жасалган божомолго караганда, бул жерде криминалдык кадамдардын белгилери жоктугун, анткен менен ширетүү иштери болгонун айтты.
«Алдын ала божомол жана бизде болгон маалыматтар боюнча, бул жерде эч кандай криминалдын белгилери көрүнбөйт. Себеби кечинде саат алтыда эшиктеринин баарын өздөрү бекитип кетишкен. Андан мурдараак, саат 18:20, 18:30га чейин булар ширетүү жүргүзүшкөн. Контейнердин түбүндө ангарды көтөрүп, сварка кылышкан. Ошол себептен өрт чыгышы мүмкүн деген божомолдор бар», — деди ал.
Бул боюнча атайын соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалып, тиешелүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.



