Окуялар

Бишкектеги «Джунхай» базарында өрт чыкты

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, өрт люстра саткан дүкөндөр жайгашкан аймакта чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 19:41де жети өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылган.

Саат 21:20га карата өрт чектөөгө алынганы менен, аймакта коюу түтүн сакталып турган. Ошондой эле тез жардам кызматынын унаасы келген. Фельдшерлердин маалыматына караганда, медициналык жардам сурап кайрылгандар болгон эмес.

Өрт чыккан жерге контейнерлердин ээлери жана ижарачылары тынчсызданып келе башташкан. Алардын айрымдары өрттүн эмнеден улам чыкканын түшүнө албай жатышканын билдиришкен.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу да келген. Аймак курчоого алынып, коомдук тартипти жана коопсуздукту 200дөн ашык милиция кызматкери камсыздады.

Өрт саат 21:33тө чектөөгө алынып, саат 01:01де толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button