Айыл чарба министри фермерлерге карбоминт колдонууну сунуштайт

Айыл чарба министри Бакыт Торобаев «Кыргызмамасылтукум» заводунун айдоо аянттарына барып, фермерлерге минералдык жер семирткич — карбоминтти колдонуу жана анын түшүмдүүлүктү жогорулатуудагы пайдасы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Министрдин айтымында, 50 гектар аянтка агротехнологиялык талаптарды сактоо менен күздүк буудай себилген. Себүү алдында топуракка анализ жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында негизги элементтер — фосфор, калий жана азот жетишсиз экени аныкталган.
Бул заттарды толуктоо үчүн талааларга карбоминт киргизилген. Минералдык жер семирткичтерди жана сертификатталган үрөндөрдү колдонуу менен быйыл аталган участоктон гектарына 60 центнерге чейин түшүм алуу күтүлүүдө.
Бакыт Торобаев карбоминт — бул топуракты азыктандырып, өсүмдүктөрдү керектүү элементтер (азот, фосфор, калий) менен камсыз кылган минералдык жер семирткич экенин белгиледи. Ал буудай, жүгөрү, картошка жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө колдонулат. Жер семирткич гранул түрүндө РУМ атайын техникасынын жардамы менен талаага бир калыпта чачылат.
Ошондой эле министр фермерлер көп кетирген каталарга — отоо чөптөргө каршы каражаттарды туура эмес колдонууга жана сертификатталбаган үрөндөрдү пайдаланууга көңүл бурду. Бул көрүнүштөр түшүмдүүлүккө жана продукциянын сапатына терс таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, ал республика боюнча 22 лаборатория иштеп жатканын, анда фермерлер үрөндөрдүн сапатын жана курамын текшертип, же болбосо сертификатталган себүү материалын сатып ала аларын билдирди.
Айыл чарба министрлиги фермерлерди агротехнологиялык талаптарды сактоого, топуракка анализ жүргүзүүгө жана сапаттуу жер семирткичтерди, сертификатталган үрөндөрдү колдонууга чакырат.



