Ысык-Көлдө бир нече уурдоого шектелип Каракол шаарынын тургуну кармалды

Каракол шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар уурдоого шектелип, 19 жаштагы жергиликтүү тургун Ж.К. кармалды. Шектүү катары кармалган жаран, Каракол шаарында жайгашкан базарлардагы соода түйүндөрүнө түнкү мезгилде кирип, уюлдук телефондорду жана косметикалык каражаттарды уурдоо менен алектенип жүргөн.
Шектүү жаран тарабынан 14-16 январь аралыгында эле 6 уурулук фактысы жасалып, 5 уюлдук телефонун, 10 даана ар кандай парфюмерияны жана 3800 сом өлчөмүндө акча каражаттарын уурдаганы белгилүү болгон. Уурдалган буюмдарды шектүү жаран сатып, андан түшкөн акчаны өзүнүн кызыкчылыгына жумшачу.
Кийинчерек, милициянын ыкчам кызматкерлери уурулука шектүү катары кармалган Ж.К., кошумча тоноо фактысын жасагандыгын аныкташкан. Алып айтканда, 15-январдан 16-январга караган түнү, күч колдонуу менен 62 жаштагы шаар тургунунун уюлдук телефонун тартып алган.
Жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар Каракол ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) жана 206 (Тоноо) беренелери менен кылмыш иштери козголду. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин УКЖга киргизилди.
Сотко чейинки өңдүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда жана шектүү жарандын башка ушул өңдүү кылмыштарга катыштыгы бар, же жоктугу текшерилүүдө, — дейт Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси.



