Коом

Коронавирус. 426 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус 426 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 314, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 22 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 589 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 183 миң 517 киши айыгып чыкса, 2 миң 851 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button