Сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда

Жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сунуштаган долбоордо сексуалдык зомбулук үчүн жазаны 15 жылдан 25 жылга чейин көбөйтүү каралган.
Мындан сырткары өспүрүмдү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаганы үчүн он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу сунушталган. Азыр бул жаза үчүн 11 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ыплас аракеттер үчүн — 11 жыл, сойкулук кылууга тартканы үчүн 12 жыл, Баланы порнобизнеске тартуу 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу сунушталат. Азыркы мыйзамда 500-1000 эсептик көрсөткүчкө дейре айып каралган.
«Мындай мүнөздөгү балдарга карата кылмыштарды максималдуу катаал жазалоо зарыл, анткени сексуалдык зомбулукка кабылган бала кийинки жашоосунда таптакыр башка адам болуп калат. Чоң адамдын психологиясы өзүнө карата мындай түрдөгү кылмыштарды көтөрө албайт, балдарга андан беш бетер кыйын. Баланын гана тагдыры эмес, ата-энелеринин жана жакындарынын тагдыры сынат. Мындай кара ниет кылмыштарды жасаган кылмышкерлерди жасаган жоруктарын кайталоого мүмүкүндүк бербөө үчүн коомдон узакка чейин алыс бөлүү керек. Зордукчу түрмөдө канчалык көбүрөөк отурса, балдар алардын жийиркеничтүү аракеттеринен ошончолук корголот», — деген Маматалиев.
Мыйзам долбоордун демилгечиси чет өлкөлөрдүн тажрыйбасында мындай кылмыштардын алдын алуу боюнча так ыкмалар жок экендигин, кылмышкерлерди химиялык бычуу, чиптештирүү колдонулуп, маалыматтар базасы түзүлөрүн белгилеген.
Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете элек тестиерлерге сексуалдык ыдык көрсөтүп же зордуктаган окуялар тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган.



