Коом
ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болору күтүлүүдө

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бороон-чапкын тууралуу эскертүү жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жакынкы бир саатта жана күндүз борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Жарандарга жана аймактын конокторуна этият болуу сунушталат. Катуу шамал учурунда бак-дарактардын, жарнамалык тактайлардын жана начар бекитилген конструкциялардын жанында жүрбөө керек.
Ошондой эле унааларды бак-дарактардын жана электр өткөрүүчү чубалгылардын алдына токтотпоо сунушталат.



