Коом
Алымкадыр Бейшеналиев: «Сабырбек Жумабеков жөнүндө болду унутам, анын деңгээлине түшпөйм»

Саламаттыкты сактоо министрли Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков жөнүндө жооп бербейт. Бул тууралуу министр маалымат жыйында айтты.
«Мен бүгүнкү күндөн баштап Садырбек Жумабеков жөнүндө унутайын деп жатам. Бул өттү, кетти. Ал өз иши менен жүрө берсин, мен ага жооп бербейм. Анын деңгээлине түшпөйм, кыргыз эли көрүп турат. Ал 34-40ка жакын кызматкерлерин чыгарып алыптыр. Мага өлкөдөгү дарыгерлердин бардыгы «Биз чыксак 10 миң адам чыгып беребиз» деп жатат», — деди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган.



