Саясат

Алагөзов: Касымалиев менен Туманбаев кызматында калат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өз кызматтарында кала берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда эки жетекчинин кызматтан кетиши мүмкүн деген маалыматтар талкууланган.

Алагөзовдун айтымында, акыркы кадрдык дайындоолорго байланыштуу «кийинки кызматтан ким кетет» деген божомолдорду айтуунун кажети жок. Анын белгилешинче, бул эки жетекчини кызматтан бошотуу маселеси каралган эмес жана күн тартибинде да жок.

Ал бардык жетекчилерге коюлган талаптар өзгөрбөгөнүн белгиледи. Алар мыйзамды сактап, коррупцияга жол бербеши жана жетекчилик тарабынан коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарышы керек.

«Эгерде кадрдык чечимдер кабыл алынса, бул тууралуу расмий түрдө маалымдайбыз», — деди президенттин басма сөз катчысы.

Адылбек Касымалиев 2024-жылдын 18-декабрынан бери Министрлер кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын жетекчиси болуп келет. Ал 2022-жылдын июнь айынан тартып Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Каныбек Туманбаев 2022-жылдын 30-майында президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button