Спорт
Бактыгүл Бадыева Грэпплинг жана ММА федерациясынын вице-президенти болду

Ырчы Бактыгүл Бадыева Грэпплинг жана ММА федерациясынын вице-президенти болуп дайындалганын Кыргызстан ММА ассоциациясынын башкы катчысы Эмил Токтогонов билдирди.
Анын айтымында, чечим 20-сентябрда кабыл алынган. Дайындоо иш-чарасына UFC чемпиону Валентина Шевченко менен анын машыктыруучусу Павел Федотов катышкан.


