Милиция кызматкерлери Кадамжайда уурдалган малдарды ээсине кайтарып беришти

Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагынын 39 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну белгисиз атуулдар 2022-жылдын 15-январынан 16-январына караган түнү мал сарайына кирип, 2 баш кочкор менен 1 баш койду уурдап кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, тергөө иштеринин натыйжасында жабырлануучуга жалпысынан 26400 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 30-январь күнү Ноокат районунун 31 жаштагы А.Р., 27 жаштагы А.Ф., 24 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы Т.Б. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Уурдалган малдар Уч-Коргон айылдык милиция кызматкерлери аркылуу табылып, өз ээсине кайтарылып берилди.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда,- деп билдирди Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы.



