Саясат

Жаңы өкмөт бекиди. Кимдер келди, кимдер алмашты (тизме)

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдоп добуш беришти.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиди.

Өкмөт аппаратынын башчылыгына — Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси — Алтынбек Исмаилов жаңы келди. Башка вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.

Жыйында Боронов мурдагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын улантарын айтып, баяндама жасады.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button