Коом

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашуусунда кар жаап, жолдорго кум, туз себилди

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды.

«Айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алып, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерүүнү өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Жол тейлөө кызматтарынын кызматкерлери жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button