Эр-Рияддагы эл аралык аэропорт ишин белгисиз мөөнөткө токтотту

Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясынын бийлиги Йемендин хуситтер тобунун бир катар чабуулдарынан кийин Эр-Рияддагы эл аралык аэропорттун ишин токтотуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу «Би-би-синин» орус кызматы билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, өткөн аптада аэропортко жасалган соккулардын натыйжасында кеминде 18 адам каза болгон. Алардын 13ү ишемби күнкү чабуулдан улам көз жумган. Бул өлкөдө акыркы он жылдан ашык убакыт ичиндеги эң көп адамдын өмүрүн алган чабуул болду. Жүздөгөн адамдар жаракат алышкан. Сауд Арабиясынын бийлиги хуситтерге катуу жооп кайтарарын убада кылды.
Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясынын Жарандык авиация боюнча башкы башкармалыгы «Король Халид атындагы эл аралык аэропорттун ишин токтотуу мөөнөтү узартылганын» жарыялады. Бирок чектөө канча убакытка созулары такталган жок.
Перс булуңундагы өлкөлөргө каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын биринин өкүлүнүн айтымында, дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясынын авиациялык органдарынан алынган билдирүүлөргө ылайык, аэропорттун иши өлкөдөгү жумушчу аптанын аягына чейин токтотулат.
Ошондой эле Эр-Рияд метросунун жогорку даражалуу өкүлү AFP агенттигине аэропортту тейлеген үч станцияга поезддердин каттамы токтотулганын билдирген.
Сауд Арабиясынын энергетика министри Йемендин хуситтер кыймылы тарабынан өлкөнүн аэропортторуна жана мунай-газ объектилерине жасалган чабуулдарга «олуттуу» жооп кайтарыларын убада кылды.
«Акыркы жумалардагы окуялар олуттуу мүнөзгө ээ. Биздин жообубуз да ошончолук олуттуу болушу керек», — деди ханзаада Абдель Азиз бин Салман Эр-Риядда өткөн Дүйнөлүк энергетикалык конгрессте (WPC) сүйлөп жатып.
Хуситтер Сауд Арабиясынын Йемендин батышындагы өздөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарга жасаган «ырайымсыз агрессиясына» жооп иретинде сокку урганын билдиришти.
Хуситтер көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жекшемби күнү Сауд Арабиясынын Йемендин борбору Сана шаарындагы турак үйгө жасаган аба соккусунан бир бала каза болуп, дагы алты адам жаракат алган.



